© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Орозбек Молдалиев: Кыргыз сѳзсүз эле мусулман болууга тийиш эмес [+видео]

«Ислам динине карата кызыгуу албетте жогорулай берет. Кайсы жагынан? Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын баары күн тартибинде каралган жана динге ишенген кишилерди, диний ишмерлерди активдешүүгѳ мажбурлоодо. Алар үгүт иштерин аткарып, Ислам дини тууралуу маалымат таратышат. Натыйжада бул да ѳз таасирин тийгизүүдѳ», — дейт Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экс-директору, диний экстремизм жана терроризм маселелери боюнча адис Орозбек Молдалиев  CABAR.asia порталына берген маегинде.


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


English На русском

Орозбек Молдалиев: Ислам деле бизге 7-кылымдын аягында, болжол менен 8-9-кылымдарда келген. Ошондуктан, Ислам динин ѳздѳрүнүн жергиликтүү дини деп арабдар гана айта алышат.  

Башка диндерге келе турган болсок, православ христианчылыгы Орусиянын Орто Азияны жеӊип алуусу менен келген.  Миссионерлер бизде дагы православиени активдүү түрдѳ жайылтышкан. Бүгүнкү күндѳгү аймактардан алып карагында, Талас ѳрѳѳнүндѳ чиркѳѳ курууга жетишишкен. Жергиликтүү калктын ичинен православдар да болгон. Казакстанда казак улутундагы православдар кѳбүрѳѳк болуп, муну тарыхчылар ар түрдүүчѳ түшүндүрүп келишет. Алардын кээ бирлери жергиликтүү калктын социалдык жана экономикалык абалы менен байланыштырып, эл кандайдыр бир жеӊилдиктерден пайдалангандыгын, балдарын билим алуу үчүн мектептерге жибергендигин  айтышат. Бул православие боюнча маалымат.

Буддизм Жибек Жолу менен келип, жайыла баштаган. Ал тургай Кытайга дагы бул дин Жибек Жолу аркылуу жеткен. Кѳпчүлүк адамдар Кытайды буддисттердин ѳлкѳсү деп эсептешет. Бирок, чындыгында андай эмес. Кийин гана буддизм кеӊири жайылып кеткен. Ал эми ислам дагы бизге Улуу Жибек Жолу менен келген.  

Мурун бизде исламга чейинки диний ишеним болгон. Бүгүнкү күндѳ бул ишенимдин (теӊирчиликтин) дин экендигин далилдѳѳгѳ аракет кылып жатышат. Атайын тартылган роликтер бар, Алтайга барып жатышат же болбосо шамандарды бул жерге чакырышууда. Бирок, аталышка тереӊ маани берилген жери жок. «Теӊирчилик» деген сѳздѳ кытай тилиндеги  «тянь» – «асман» деген сѳздѳн келип чыккан. «Тяньгри» – бул «асман кишиси». Башкача айтканда, чыныгы кытай кубулушу. Ал тургай Кытайда асман ибадатканасы бар жана ал жерде диаметри бир метрден кичине айлана орун алган. Император кѳк жүзүнѳ кайрылып жатканда ошол айлананын ичине турган. Бир сѳздү айтып, кайра тыӊшаганда, кандайдыр бир үн келген. Императорду карап турган кишилер анын кѳк жүзүнѳ кайрылуусуна кайра жооп келип жаткандыгын уга алышкан. Бул механизм азыр деле бар.

Эми Ислам дини тууралуу маалымат берейин. Ислам бизде ханафи мазхабы формасында тараган. Биздин кѳчмѳн калкыбыз бул исламдын эӊ толеранттуу мазхабы, бутагы болгондуктан, ушул динге ѳтүшкѳн. Мында жергиликтүү каада-салт исламга каршы келбесе, анда аларды кабыл алып, тѳгүндѳѳгѳ чыгарбай тургандыгы айтылат. Ошондуктан, бизде жыл сайын Нооруз майрамы белгиленет. Кѳбүнчѳ бул биздин майрам эмес, диний майрам эмес деп кыйкыра беришет. Ал тургай майрамдабагыла деп да үгүттѳшѳт. Нооруз майрамы болсо, илгертеден бери эле белгиленип келген жана биздин ханафи мазхабынын мусулмандары буга эч кандай тыюу салбастан, ѳздѳрү дагы майрамдаган. Бул табынуу катары эсептелген эмес, жѳн гана жаздын келиши белгиленген.   

Ал тургай Ташкентте дагы Ѳзбекстандын Дин иштери башкармалыгынын  имаратына жакын Куран китебинин үчүнчү түпнускасы сакталган  жерде чатырдын шыбы менен полунда атайын жасалган тешик бар. Жыл сайын 21-мартта күн дал ошол тешикке туура келет. Имарат мына ушундай эсеп менен курулган экен.    

Эми калган (диний) азчылыктар тууралуу айта турган болсок, алардын саны кѳз карандысыз мамлекет болгондон тартып ѳсѳ баштаган. Бирок, ага чейин деле батыш-христиан диндери бар болчу. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда немецтерди кѳчүрүп келгенде, алар менен чогуу баптизм жана башка батыш-христиан агымдары да келген. Ошондуктан, баптизмди жаӊы дин деп эсептебеш керек, анын бутактары бизде эчактан бери эле бар.

Советтер Союзунун бардык эле мамлекеттеринде дин иштери боюнча комитеттердин ѳкүлдѳрү болуп, алар диний уюмдар менен байланышта болуп турган. Кийин, Кыргызстан эгемендикке жеткен соӊ, алардын бардыгы жоюлуп, дин жааты ээн, башкаруусуз калган. Каалоочулардын бардыгынын каттоодон ѳтүүсүнѳ мүмкүндүк берген убактылуу жобо кабыл алынып, анын негизинде кѳптѳгѳн жактар диний уюм катары катталып алышкан.   

Башка диний агымдардын ѳлкѳдѳ  кеӊири жайылып кетүүсү Советтер Союзу тараган 90-жылдарга туура келет деп айтууга болобу?

Тыюу салынган нерсе азгырмалуу келет эмеспи. Учурунда диний уюмдарды түзүүгѳ катуу тыюу салынган. Ал эми мындай тыюуну алып салышканда, баары ушул агымдарды кѳздѳй багыт алышты. Бирок, кийинчерээк диний уюмдардын саны кайра азая баштаган.

Дагы бир учур бар. Кѳптѳгѳн батыш-христиан уюмдары гуманитардык жана материалдык жардам берип келишкен, азыр да бул иш-аракет уланууда. Кандайдыр бир меркантилдик кызыкчылыктар да болгон. Кээ бирлери, агаларыбыздын, эжелерибиздин жардамы менен чет ѳлкѳгѳ кетебиз деп максат кылышкан. Ал эми чет ѳлкѳдѳ аларды ким же эмне күтүп турат, кимге кереги бар экендиги ѳзүнчѳ бир маселе. Мындай кишилер менен катар эле чын дилинен динге берилген, кудайга жакындоону ниет кылган адамдар да болгон.   

Бир нече жыл мурун биз бул маселени изилдеп чыкканбыз. Бизде Иисус Христостун чиркѳѳсү бар. Ал жерде кѳбүнчѳ кыздар менен жаштарды кѳрүүгѳ болот. Алар: «Биз ислам динин тутууну каалап, мечитке барып, бир нерсе сураганда, «барып жоолук салынып келгиле» деп бизди  кууп башташат.  Орой мамиле жасашат. Бизге мындай мамиле кыла турган болсо, анда биз ислам динине кантип ишене алабыз?», – дешет. Натыйжада кѳп сандагы жарандар христиан уюмдарына кирип кетишкен. Мына ушундай жагы да бар.

Бүгүнкү күндѳ Кыргызстанга жаӊы диндер келип, каттоодон ѳтүп жатабы? Же келе тургандын баары келдиби?

Бизде сатанисттер каттоодон ѳтүүгѳ аракет кылышкан, бирок коркуштубу же башка себептен уламбы, ишке ашкан жок. Бул бир нече жыл мурда болгон. Алар ѳздѳрүнѳ адепттерди издешкен, кийин кайра кетишти.  

Азырынча жаӊы агымдар жок. Менин оюмча, бизде диний агымдардын баары эле бар.

 Саентологдор жабылган – ѳздѳрү арыз жазышкан. Ошондой эле уставды бузгандыгы үчүн ахмадилер агымын  (ѳзүн пайгамбар деп жарыялаган Ахмад мирза Гулям тарабынан негизделген диний агым – ред.) жапканбыз. Мусулмандар мындай динди таанышпайт. Эми адам кааласа, ишене берсин, ал ѳзүнүн иши да. Бирок, уставдын жоболорун  бузгандыктан, аларды жабууга мажбур болдук. Калган агымдардын баары эле иштеп жатышат.  

Ѳлкѳдѳ учурдагы абалга кандай баа бере аласыз? Дүйнѳ жүзүндѳгү кѳпчүлүк элдер Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда исламдаштыруу жүрүп жаткандыгын айтышууда.

Толугу менен исламдаштыруу жүрүп жатат деп айта албайм, бирок, ислам динине карата кызыгуу жогорулай берет. Кайсы жагынан? Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын баары күн тартибинде каралган жана динге ишенген кишилерди, диний ишмерлерди активдешүүгѳ мажбурлоодо. Алар үгүт иштерин аткарып, Ислам дини тууралуу түшүндүрүүлѳрдү жүргүзүшѳт. Натыйжада бул да ѳз таасирин тийгизүүдѳ.

Ошондой эле кыргыз тилиндеги басылмалардын саны да кѳбѳйдү, Куран китеп кыргыз тилине которулуп жатат. Бирок, исламдаштырууга карай кандайдыр бир күчтүү багыт бар деп айта албайм.

Эгер сен кыргыз болсоӊ, анда түздѳн-түз мусулмансыӊ деп эсептешет, ошондуктан прозелитизмге карата бизде терс мамиле бар. Сиздин оюӊузча, кыргыздардын башка диндерге ѳтүп кетүүсүнүн себеби эмнеде?

Мунун кѳп себеби бар. Биз ата-энебиз мусулман болсо, анда балдары да мусулман болушу керек деген ой-пикирге кѳнүп калганбыз. Советтер мезгилинде ким мусулман эле? Саналуулар гана. Бүтүндѳй Советтер Союзу боюнча бир гана Бухарада жападан жалгыз медресе бар болчу. Бардык жерде атеизм болгон. Ошол үчүн атеисттердин балдары ислам жѳнүндѳ түшүнүккѳ ээ болушкан эмес. 

Мындан тышкары, үгүттѳѳ да катуу жүргүзүлгѳн. Айрыкча, Иран тѳӊкѳрүшүнѳн  кийин  ислам – бул фундаменталисттер, экстремисттер, террористтер деген стереотип жайылган. Афганистандагы согуштан кийин дагы ислам дининин моджахеддер экендиги, алардын Афганистандын демократиялык түзүлүшүн кыйратып жаткандыгы тууралуу риторика пайда болгон. Бул да олуттуу таасирин тийгизди. Натыйжада тынчтыкты жактаган кѳп кишилер христиан динине ѳтүп кетишкен.

Христиан уюмдарынын кыздарды тартууга кѳбүрѳѳк кызыктар экендигинин дагы бир себеби бар. Кыздар – бул аял кишилер, болочок энелер, кийин балдарын, сүйлѳшкѳн жигиттерин бул динге алып келишет. Башкача айтканда, алыстан ойлонгон иш.

Экинчи тарабынан, хиджаб кыздардын ислам динине багыт алуусунда кыйынчылыктарды жаратат. Алар жоолук салынып, чүмкѳнүүнү каалашпайт. Ал үчүн белгилүү бир этаптан ѳтүп, буга даярданышы керек.  

Кыргыз болсоӊ, түздѳн-түз мусулман болууга тийишсиӊ деген ишеним кайдан чыккан?

Бул биздин диний ишмерлердин ой-пикири. Чыныгы мусулмандардын динге ишенген балдары деле башка динге ѳтүп кеткен, же атеист болуп калган учурлар  кѳп эле.

Кыргыз сѳзсүз эле мусулман болууга тийиш эмес. Ошондой эле мусулмандын баласы мусулман болуусу шарт деп эсептелбейт. Бирок, ата-эне баласы үчүн жооптуу жана анын динди тандоосунда кѳмѳкчү болуусу зарыл. Эгерде кийин ал (баласы) башка динге ѳтѳ турган болсо, анда анын укугу мыйзам аркылуу кепилденет. Биздин мамлекет – диний эмес, светтик мамлекет.

Жакында эле  «Open doors» эл аралык уюму христиан дининин агымдарынын Борбордук Азиядагы абалы туурасында изилдѳѳ жүргүздү. Дээрлик бардык эле ѳлкѳлѳрдѳ алардын кысымга алынуусу байкалган. Кыргызстандагы диний азчылыктардын абалына кандай баа бере аласыз?

Бизде бардыгы жакшы деп айтууга болбойт. Муну мисалы, ѳлүм-житимдерде байкай алабыз. Кээ бир берилген жергиликтүү молдолор сѳѳктү жерге берерде «Бул мусулман эмес, башка диндин ѳкүлү болчу, бул жерге кѳмүүгѳ болбойт» деп башташат.

Мындай буйрук барбы же жокпу, муфтият бул боюнча так жооп бербей эле. Мисалы мен шариатта кѳмүүгѳ болбойт деген нерсени уга элекмин. Бирок, биздин мазхабдын аалымдары Мухаммед Пайгамбардын учурунда кѳрүстѳнгѳ иудейлерди да, христиандарды да жанаша кѳмгѳндүгүн айтышат.    

Ушуга байланыштуу, биз 2014-жылы бул маселеге байланыштуу чыр-чатак болбошу үчүн жергиликтүү бийлик органдары, айыл ѳкмѳттѳрү тарабынан  ар башка диндин ѳкүлдѳрүнѳ ѳзүнчѳ жерлердин бѳлүнүп берилиши жѳнүндѳ чечимди демилгелеп чыкканбыз. Эсиӊизде болсо, Жалал-Абадда жергиликтүү калк бир аялдын сѳѳгүн жерге берүүгѳ уруксат бербей койгон чуулу окуя болуп ѳткѳн.

Дагы бир окуя Тамчы айылында болгон. Музыканы катуу коюп угуп жаткан жаранга жергиликтүү жашоочулар келип, «сен музыканы катуу коюп угуп жатасыӊ, демек сен мусулман эмессиӊ» деп күнѳѳлѳшкѳн. Бул иш аягына чейин териштирилген жок окшойт.

Мындай абалдарда кийин кайталанбашы үчүн жакшылап иликтѳѳ жүргүзүлүүсү абзел. Мындай нерселерди жашырып коюуга болбойт.

Сиздин оюӊуз боюнча, Кыргызстанда мисалга алсак Казакстанга салыштырмалуу толеранттуулук деӊгээлинин жогору экендиги эмне менен байланыштуу?

Бир нече фактор бар. Казакстанда абал кыйла оор. Акыркы жылдары салафилердин  (суннизмдин агымдарынын бири – ред.) таасири күч алууда. Азыр ханафилерди бекитүү багытында ойлор айтылууда, бирок мен эч нерсе байкай элекмин.  

Ѳлкѳдѳ  куранилер  (Исламда Куранды жападан далгыз мыйзам тексти катары эсептеп, хадистердин диний кадыр-баркын жокко чыгарган диний кыймыл –ред) да пайда болду.  Ал тургай чоӊ мансаптагы кишилер да бул кыймылды колдоп келишет. Куранилер башка диндерге, жада калса биздин ханафи мазхабына кирген мусулмандарга карата катуу мамиле жасашат.

Сирияда эмнелер болуп жаткандыгын кѳрүп жатасыӊар. ИЛИМ (ИГИЛ) аларга моюн сунбаган мусулмандар мусулман эмес жана ѳлүмгѳ тартылышы керек экендигин жарыялоодо.

Дагы бир фактор  – бизде (Кыргызстанда) демократия менен сѳз эркиндиги кыйла жогору. Бир жерде кандайдыр бир окуя болуп жатса, анда ал тууралуу ММК дароо маалымат таратып, коом маселенин чечилишин талап кыла баштайт. Ал эми Казакстанда мындай кѳрүнүш жок. Ѳзбекстанда ММКлардын саны абдан кѳп, бирок алар негизинен маданият, спорт жана башка тармактар жѳнүндѳ маалымат таратып, ѳлкѳнүн саясатына киришпейт.

Кыргызстан калкынын ар кайсы диндер тууралуу маалыматка ээ болуу деӊгээлине кандай баа бересиз? Бул бир гана ири агымдар эмес, калган бардык ишенимдерге да тиешелүү.   

Биз 2014-жылы мектептерде маданият жана дин тарыхы сабагынын окутулушу боюнча сунуш киргизгенбиз. Мектеп окуучулары бул тема боюнча маалыматка ээ болуп, кандай диндер бар, алар кандайча пайда болгон, дүйнѳлүк маданиятка кандай таасир эте тургандыгын билүүгѳ тийиш.

Белгилей кетчү нерсе, Европа маданияты толугу менен христиан дининин негизинде келип чыккан. Кинофильмдерде, театрларда айылган кѳп сѳздѳр Библиядан алынган. Ар кандай ѳзгѳрүүлѳргѳ дуушар болгондуктан, эл аларды Библиядан алынган деп ойлобойт.

Ошондуктан, бардык нерсе мектеп тарбиясынан башталып, жогорку окуу жайларында окутулушу керек. Калктын диний сабаттуулугун жогорулатуу абдан маанилүү.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.