© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргыз коомундагы диний жана дүнүйөбий (светтик) радикализм

“Мамлекеттин саясый лидерлердин жана ар түрдүү институттардын ролу — коомдук пикир алышууга, коомдогу ар түрдүүлүктүн туруктуулугуна жетишип жана ушул ар түрдүүлүктү бөтөнчө бир баалуу нерсе катары кабыл алууга  көмөкчү болушу керектигинде. Мамлекет өзүнүкү жана өзгөнүкү, “өз” жана “бөтөн” деп бөлүүнү тереңдетпей, токтотушу зарыл. Дал ушул өңүттө гана совет доорунан бир топ алыска кеткен коомдо азыркы кырдаалдын дүнүйөбий болушу мүмкүн”, — деп белгилейт CABAR.asia аналитикалык порталы үчүн атайын жазган макаласында саясат таануучу Эмил Жураев.

Русский English


Кыргызстандын жана Түркиянын президенттери ошондой эле эки өлкөнүн жогорку даражалуу аткаминерлери түрк тараптын каражатына курулган Бишкектин борбордук жаңы мечитинин ачылышында. President.kg тарткан сүрөт.

Адегенде парламент спикери Курман айт майрамындагы намазда мамлекет динге ишенген мусулмандардын бата жана дубасы менен өнүгөөрүн айтты. Андан кийин президент Бишкектеги жаңы мечиттин ачылышында, Кыргызстанда мектептерге караганда мечиттер менен медреселердин көп болушунда жаман нерсе жок, алар жаштардын такыбалыгын жана тарбиясын бекемдөөгө жардам бере алат деген ойду билдирди.

Мындай пикирлер диний ишмерлердин байма-бай айтылып (өзгөчө мурдагы муфтий Чубак Жалилов) келе жаткан ойлору менен биригип, дагы бир жолу өлкө коомчулугунун көңүлүн, диндин биздин жашоодогуу ордуна жана ролуна бурду. Эгер бир тарабы президент менен спикердин айткандарынан эч кандай уят кыла турган нерсени укпаса, экинчи тарабы мындай пикирлер Кыргызстандын Баш мыйзамында жазылган мамлекеттин дүнүйөбий (светтик) принциптерин тебелөө катары эсептөө менен кабылдады.

Кыргызстандын азыркы саясый турмушундагы дүнүйөбийлик (светскость)

Кыргыз коомунда ислам канондорун кармануу күч алып бара жаткан шартта, кыязы, мамлекеттин дүнүйөбийлиги боюнча маселе бат-бат көтөрүлүп, бул темадагы талаш-тартыштар курчуй берүүгө баштанып калгандай. Бирок, ушул өңүттөгү кандайдыр бир социалдык чыр-чатактардын алдын алуу үчүн, Кыргызстан коом катары жана ар бир адам өзүнчө дүнүйөбийлик деген эмне, дүнүйөбий мамлекетте диндин орду кандай болушу керектиги боюнча олуттуу ойлонуусу зарыл.

Кыргызстанда дүнүйөбийлик жөнүндөгү тааным жана анын критерийлерин сактоо белгилүү болгондой СССР доорунда калыптанган, ал өз кезегинде мындай идеяларды немис философу Карл Маркстан жана Француз Республикасынан алган. Бул моделде дүнүйөбийлик ачык жарыя болгон жана ал мамлекеттик курулуштун өзөктүү идеясы болуп калган. Шарттуу айтканда, диндин орду үйдө, адамдын жеке жашоосунда болуп, анын кандайдыр бир формада коомдук турмушта көрүнүүсүнө жана саясатта орун алуусуна уруксат берилген эмес. Айталы, бир адам өз үйүндө динди практикалап, үйүнөн чыгаары менен анын динчил болбой калуусу боюнча эч кандай айтылбай калган.

Азыркы Кыргызстанда, дин эркиндигин практикалоонун таптакыр башка масштабындагы жана деңгээлиндеги абалда, мамлекеттин дүнүйөбий экендигине тиешелүү талаптар советтик түшүнүктү сактап кала берген.
Дүнүйөбийликти сактоо боюнча тынчсызданган коомчулуктун бөлүгү, коомдогу диндин абалынан жана таралуусунан коом эрежелерин жана баалуулуктарын аныктоодогу диний институттар менен диний аалымдардын өсүп бара жаткан салмагын көрүп жатат. Мындай өнүгүүдө, советтик текжайдан чыккан дүнүйөбийликтин ушундай кайра ойлонулбаган жана реалисттик эмес түшүнүгүндө, коомдун бул бөлүгү катуу, терең тынчсызданууга берилгендиктен, аларды радикалдуу карама-каршы коюуларга жана параллелдерге кайрылууга түртүп жатат. Мисалы, дүнүйөбий мектеп мечиттер менен медреселерге, эркиндик динчилдикке карама-каршы коюлуп, динчилдик билимсиздикке, сабырсыздыкка теңелип жана мындан да көйгөйлүүсү, экстремизм менен теңделип жатат.

Медианын кабыл алууга тийгизген таасири  

Кадимки ислам менен экстремизм жана башка терс көрүнүштөр арасында жасалган параллель, жогоруда келтирилген дүнүйөбий түшүнүгүнүн реалдуулуктан алыстыгынын натыйжалары болуп эсептелип, ошондой эле диний практикалардын жана институттардын коомдук турмуштун ар түрдүү аспектилеринде диндин улам күчөп бараткан  таасирин көзөмөлгө алуудагы куралы болуп калууда. Ушул жагдай дүнүйөбий түшүнүгүн жана диндин коомдогу орду боюнча кайра ойлонуу мүмкүнчүлүгүнө абдан терс таасирин тийгизет. Бул гана эмес, ал же керек болсо нормалдуу диний практиканы деструктивдик көрүнүштөрдөн ажырата билүүгө да терс таасирин тийгизип келет.

Дин менен диний экстремизмдин ортосунда мындай параллелдин дегеле пайда болуусу, биринчи кезекте эл аралык медиа мейкиндикте жана саясый майданда басымдуулук кылган дискурс менен шартталган. Дин “Аль-Каида”, “Ислам мамлекети”, “Боко Харам” жана “Талибан” сыяктуу террористтик уюмдар жана топтордун аракети менен бирдей каралып келген. Бардык жерлерде ар күнү исламды чагылдыруу жана талкуулоо, акыркы кездерде ушулар сыяктуу топтордун ишмердигине мүнөздүү фокус аркылуу жасалып келди. Булардын баарын кошкондо да алар дүйнөдөгү бир жарым милиард мусулмандын кенедей эле бөлүгүнө туура келе тургандыгы, маалыматты берүүгө таасирин тийгизе алган жок.

Ал ортодо радикалдашуунун жана экстремизмдин себептери жөнүндөгү көптөгөн иликтөөлөрдө, дал ушул исламды жетиштүү түшүнбөстүк жана билбестик гана көпчүлүктү ушундай жолго алып келип жаткандыгы ачыкка чыгууда. Дээрлик бардык ушундай иликтөөлөрдө диний билим берүүнү жакшыртуу, бул үчүн таасирдүү диний аалымдарды мындай иштерге тартуу сунушу айтылат. Башкача айтканда радикалдашуу диндин өзүнүн мазмунунан эмес, биринчи кезекте исламдын негиздерин билбегендиктен келип чыгат.

Кандай болгон күндө да саясаттын дүнүйөбий принциптерин сактоо маселеси, дүнүйөбийликти жактоочулардын кадимки дин менен экстремизмдин айырмачылыгын аягына чейин көрө билгиси жоктугунан улам татаалдашууда. Иштин мындай жагдайы өз ара түшүнүшүү менен сабырдуулукту издөөгө караганда антагонизмдин өрчүшүнө гана жардам берет. Динди практикалоо мындан ары да өсө берерин эске алганда, дүнүйөбийликти карманууга антагонисттик жана айыгышуу менен катуу туруу куру бекер болуп, аябагандай чыр-чатактарга алып келет.

«Дүнүйөбий экстремизминен кайтуу»

 Советтик үлгүдөгү катуу, ийкемдүү эмес дүнүйөбийликке караганда, ыңгайлуураак кандай мамиле болушу мүмкүн? Албетте, ар кандай легитимдүү динге ишенүү жана аны эркин практикалоо менен катар, динге ишенбеген жана практикалабоого мүмкүнчүлүк болгон ыңгайлуу эрежени издөө боюнча кандайдыр бир процесс болуп өтүшү керек.

Бул тема боюнча көптөгөн ойчулдар жана саясат таануучулар алардын ичинен Жон Ролз, Майкл Вольцер жана Жин Эльштайн ар кандай жолдорду сунуш кылышкан. Эгер ойлорду жалпыласак, бир  топ конструктивдүү жана пайдалануу жагынан практикага жакыны, ошондой эле эң бир маанилүү пункттарга басым койсок, анда булар: ар түрдүүлүктү, өз ара сыйлоону жана өз ара бирдейликти кабыл алуу, конструктивдүү жана туруктуу коомдук диалог.

Маданий, диний, тилдик жана башка көп түрдүүлүк – бүгүнкү күндө бардык өлкөлөрдөгү калктын ажырагыс мүнөзү. Керек болсо Япония жана Түштүк Корея сыяктуу бир топ гомогендүү коомдор да жүз пайыз гомогендүү эмес. Кыргызстан албетте, гомогендүү коом эмес жана ар түрдүүлүк бул жерде көптөгөн ракурстарда көрүнүп турат. Мындай ар түрдүүлүктү кабыл алуу, бирок, дайыма эле өзүнөн өзү белгилүү болбогон социалдык чыр-чатактарды өз кезегинде пайда кылат.

Бир коомдо жана мамлекетте динге ишенгендер жана ишенбегендер бар экендигин кабыл алуу, башка да ар кандай категориялардын бардыгынын тең болуусу – бул коомдун жашоосу жана өнүгүшү үчүн минималдуу шарт.
Ошол эле учурда “кабыл алуунун” эң начар маанисинен карасак, “чыдоо”, бирок күчтүү жана артыкчылык берилген мааниден карасак – “кубаттоо” жана “баалоо”. Ар бир адамдын өз коомунда жанга жагымдуу, эркин жана бактылуу жашоосу үчүн, дал ушул ар түрдүүлүктү “кубаттоо жана баалоо” зарыл болуп эсептелет.

Эгер өз ара бирдейлик жана өзгөчө өз ара сыйлоо принциптери иштесе, ар түрдүүлүктү кабыл алуу бир топ реалдуу. Эгер динге ишенгендер эркин жашап, окуп жана коомдук турмушка катыша турган болсо, мындай мүмкүнчүлүктөр динге ишенбегендерде да болушу керек, же тескерисинче. Көп учурда бул принципти сактабагандык динге ишенгендерде байкалат, себеп дегенде динге ишенгендердин көпчүлүгү догмалык окуулардын негизиндеги динди таанып, практикалашат. Анда болсо чындык бирөө эле, калгандардын бардыгы кабыл алынбайт. Бирок мындай жүрүм-турум динден алыс адамдарда да байкалат.

Ар түрдүүлүктү жана өз ара бирдейликти позитивдүү кабыл алуу, бир гана коомдогу туруктуу, сергек, ачык диалогдо болушу мүмкүн. Диалог макулдашуу менен өз ара түшүнүшүүгө да, аны менен бирге талаш-тартыш менен макул болбоого да алып келиши ыктымал. Бирок талаш-тартыш болгон күндө да, ал кандайдыр бир деңгээлдеги тааныштыктын, макул эмес тараптардын өз ара билүүсүнүн негизинде болуп турат. Диалог узак болгон сайын ажырымды пайда кылган көз караштар же чечилет же кабыл алына тургандай болот. Башкача айтканда, ар түрдүү болгон коомдо ар кандай топтордун бардыгы менен макул же тилектеш боло берүүсү милдеттүү эмес – ар түрдүүлүктүн негизи дал ушунда. Бирок алар ыңгайлашып жашап, керек болсо узак убакыт бою сүйлөшүүлөрдөн кийин кызматташа да алышат.

Биздин «алар»

Жогоруда айтылгандардын бардыгында социалдык теорияда көпчүлүк “башкалар” түшүнүгүн туюндурган– башкача айтканда чоочун, биздикинен жана бизден айырмаланган нерсе бар. “Башкалар”, “чоочундар”, “алар” аныктамасы “биз”, “биздикилердин” карама-каршысы катары көп учурда  мейли расалык топтор, улуттар жана башкалар болсун, социалдык топтордун өзүн аныктоо стратегиясы болуп саналат. Ушундай эле кубулуш, кыязы, дин менен дүнүйөбий коомдун дал келишүү маселесинде да, тактап айтканда дүнүйөбий принциптерин жактоочулардын көпчүлүгүнүн айткандарынан Кыргызстандагы динге ишенип практикалаган мусулман коомчулугунун өсүшүнө тиешелүү маселеден да көрүнөт.

Ислам жана мусулмандар “алар” сыяктуу бир катар кубулуштар менен түптөлгөн. Биринчиден, бул медиалык дискурс, анда ислам көп учурда экстремизм жана терроризм менен окшоштукта кабылданып, ага мыйзамды сыйлаган, цивилдүү жана радикалдуу эмес “биз” карама каршы коюлган. Экинчиден, исламдын айрым бир көзгө көрүнгөн, айталы, хиджаб кийүү, жаштардын сакал коюусу, булар дүнүйөбий, европалашкан же сырты улуттук көрүнүштөгү “биздики” менен контраст болуп турат. Үчүнчүдөн, бул ислам менен арабдыктын коштоосу, ошондуктан чоочун жана түшүнүксүз, бөтөнчө салафизм, ваххабизм, такфиризм түшүнүктөрүндө. Бул “алардыкы” жана өзүбүздүн түшүнүктүү “биздики” ортосундагы чекти дааналап турат.

Албетте, динге ишенип, исламдын коомдун турмушундагы ролу жогорулашына күйүп-бышкандар тарабында да “биздикилер” менен “чоочундарга” бөлүү элементтери бар. Мисалга айтсак, динге тиешелүү тигил же бул сунуштарды колдобогон саясатчыларга карата Чубак Жалиловдун бир нече провокациялык сөздөрүнөн байкасак болот. Бирок диний жоболордун бардыгынын догмалуу экендигине карабастан (бул христиандыкты кабыл алган аялды жерге берүүдө өзгөчө трагедиялуу көрүндү), динге ишенгендер кескин түрдө башка жана чоочун тарапка караганда, башкаларга динди билип жана кабыл алуу алдындагы адамдар (мындайда кимдир бирөөгө жардам бериш керек) катары мамиле жасашат.

Мындай сезилээрлик тоскоолдук болгон “биз” жана “алар” ортосундагы чектен арылуу үчүн, эки тараптын тең тиешелүү ачыктыкты, ынтызарлыкты (так айтканда тараптардын бардык катышуучуларынан — христиандардын, теңирчилердин, мусулмандар арасындагы түрдүүлөрдүн жана башкалардын), ачык сын көз карашта ой жүгүртө алууну жана уга билүүгө даярдыкты, башка тарапты таанып, уга билгендикти талап кылат. Ошол эле Жалиловдун  Зеренин чуу салган ыры менен видеосун беймарал кабыл алуусу – буга эң мыкты далил. Коом үчүн бузукулук кылган чыныгы экстремисттер, ушундай ар түрдүүлүктү кабыл алууга жөндөмсүз, каалоосу да жок жана алар менен тынч жашоону каалабагандар болуп эсептелет. Башка жолдун жок экендигин жана башка тараптын факт экендигин жокко чыгаруудан майнап чыкпастыгын аңдай билүү, негизги өзөк болуп эсептелет, ушул боюнча алганда “Биз-Алар” конструкциясынын сакталышы мүмкүн болбой калат.

Мамлекеттин жана институттардын ролу

Эгер спикер Дастан Жумабековдун айтканына, андан кийин Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзүнө кайрылсак, анда дүнүйөбийлик жана динчилдик риторикасынан, ошондой эле ар кандай көз караштарды жана баалуулуктарды, өз ара сыйлашуу диалогуна келүүнү оң кабыл алуу зарылдыгынан карасак, бул эпизоддордо андай деле көзгө көрүнөрлүк ката жок. Президент да, спикер да диний институттар жана алардын коомдогу орду боюнча ойлорун сыйлоо менен билдиришкен, ошол эле учурда дин саясатка аралашып жана өлкөнү башкаруусун сунуш кылышкан эмес.

Дүнүөбий принциптерин коргоочулар тарабынан бул жетекчилерди сындоо жана ажиотаж, тиешелүү багыт боюнча медианын берүүсүн эске албаганда, биринчиден, биздин коомчулукта азыркы кезге чейин диалог боло электигинен, балким ал баштала да элек, ал эми дүнүйөбийликти коргоочулар “БизАлар” деп бөлүнүү парадигмасында турушкандыгы менен пайда болгон. Экинчиден, эки саясатчынын калпыстыгы (Кыргызстанда демейде боло жүргөндөй), өз ойлорун даана бүтүмгө келтирбей, түшүнүксүз бергендигинде. Ошол эле сөздөр, бирок башкача акцент менен айтылганда беймарал эле кабыл алынмак.

Президент жана спикердин тууралыгы – бул мамлекетте диндин оң ролун жана ордун көрө алышкандыгында. Алардын дүнүйөбий маданият, билим берүү жана саясат үчүн ушундай эле ролду көрүп жатышкандыгы, бул саясатчылардын көпчүлүк сөздөрүндө жана аракеттеринде болуп жатат.

Бул мисалы, “Кайран элим, кайда баратабыз?” урааны жазылган билбордго, же болбосо “башыңарга өтүк кийип алгыла, бирок башкысы — жардырбагыла” деп экс-президент Атамбаев сунуш кылып, ал ошол эле учурда Кудайга байма-бай кайрылып жатканына контраст болуп турат.

Мамлекеттин – саясый лидерлердин жана ар кандай институттардын ролу, коомдук диалогго, коомдогу ар түрдүүлүктүн туруктуулугуна жана ушул ар түрдүүлүктү өзгөчө бир баалуулук катары кабыл алууга көмөктөшүү. Мамлекет өзгө жана өзгөгө, “биз” жана “алар” деген бөлүнүүлөрдүн пайда болушунун алдын алып, аны тереңдетпеши керек. Совет убагындагы кырдаалдан алыс кеткен коомдо дүнүйөбий болуу, так ушул өңүттө болушу мүмкүн.


 Бул макала Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин финансылык колдоосу менен ишке ашып жаткан «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун алкагында даярдалды. Макалада айтылган пикирлер редакциянын же донордун позициясын билдирбейт.