© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Билим берүү жана илим Кыргызстандын ички саясатынын эң маанилүү бөлүгү болушу зарыл

Сапаттуу билим берүү дүйнөдөгү ар бир мамлекеттин стратегиялык потенциалы жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү болоорунда кымындай да күмөн жок. Бир гана сапаттуу билим берүүгө жетишүү Кыргызстандын баардык тармактарынын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, өлкөдөгү коррупция, жумушсуздук маселесин чечүүнү шарттайт.  Кыргызстандын калкынын үчтөн бир бөлүгүн он алты жашка чейинки балдар түзөөрүн эске алганда, алардын сапаттуу билим алууга жетишүүсүн камсыз кылуу үчүн да бул тармакты түп тамырынан бери  реформалоо зарылчылыгы айтпаса да түшүнүктүү.  Андыктан «же биз республиканы келечекте жаңы баскычка чыгара ала турган жаштардын муунун тарбиялап чыгарууга жетишебиз же келечеги тумандуу  билимсиз жаштардын армиясын түзүп, жашообуз жакшырбай кала берет. Дүйнөлүк тажрыйбадан алып караганда, тез өнүккөн өлкөлөрдүн баары тең сапаттуу, билимдүү кадрларды даярдоодон улам ийгиликке жетишкендиги белгилүү.

Андыктан Кыргызстанда билим берүү тармагына стратегиялык артычылык берип, бул тармакты көтөрүүгө сөз түрүндө эмес, мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууга убакыт эчак эле жетти, деп айтсак болот. Ал үчүн албетте алгач бул тармакка алдыга койгон максаттарга жетүү максатында комплекстүү анализ кылуубуз зарыл.

  • Баардык артыкчылыктарга жана жетишпеген жактарга мониторинг жана анализ жасоо;
  • Билим берүү жана илим тармагын реформалоонун программасын даярдоо;
  • Билим берүү жана илимге коротулган мамлекеттик чыгымдарды кайрадан карап, аны көбөйтүүнүн жолдорун караштыруу;
  • Билим берүү жана илим тармагын баскыч баскычы менен реформалоонун көп жылдык стратегиялык планын иштеп чыгуу;
  • Окутуу жана усулдук тажрыйбаларды жакшыртуу жана билим берүү тармагына мыкты адистерди тартуу;

Билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясы анын кардарлары же каржылоочу булагы кайсыл бир эл аралык уюмдар болгонуна карабай, сөзсүз түрдө биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгына жооп бериши зарыл. Эгемендүүлүк жылдарында өлкөнүн билим берүү системасын реформалоо натыйжалуу, ситемалуу жылыштарды алып келген жок. Аз маяна алган мугалимдер жетекчилик тарабынан болгон тынымсыз ар кандай талаптарды, жаңы эрежелерди ишке ашыруудан тажап, чарчап бүтүштү. Тармакты толук, түп тамырынан бери өзгөртүүгө багытталбаган,  ар кандай баш аламан реформалардан олуттуу натыйжа болгон жок. Социалдык жактан камсыздалбагандыктан, балдар бакчасынан баштап илимий даражасы жана илимий наамдары бар окумуштууларга чейинки бардык баскычтарда мугалимдердин макамынын өтө төмөн болушу; педагогикалык кадрларды даярдоонун жана кайрадан даярдоонун  төмөнкү деңгээли; билим берүү мекемелеринин акча табуучу бизнес-борборлорго айланышы;  мектептердеги рекетчилик көйгөйү; бала бакча, орто мектептердеги аягы түгөнбөгөн акча жыйноочулук, деги койчу, билим берүү тармагында мындан башка да толгон токой чечүүнү талап кылган көйгөйлөр  – коомчулукта кеңири талкууланып, ал турган жашоонун адаттагы көрүнүшүнө айланды.

Таблица 1. Кыргызстандын билим берүүгө бөлүнгөн чыгымы (ИДЖнан пайыз менен санаганда)

Булагы: Бул таблицаны автор Дүйнөлүк банктын маалыматына негизделип иштеп чыккан

https://data.worldbank.org/indicator/SE.XPD.TOTL.GD.ZS?view=map

Жогорку жактагы таблицадан көрүнүп тургандай, Кыргызстан жылына билим берүүгө ИДӨ (Ички дүң өндүрүмдөн) 5.8% ден 7% чейин каражат бөлөт. Мисалы Дүйнөлүк Банктын берген маалыматы боюнча 2017-жылы  ЮАР-20.6%, Кытай-16,4%, Бразилия-14,6% акча бөлүшсө,  эң төмөн суммада үч өлкө: Лксембрург-2.2%, Греция-1.5%, Монако-1.4% бөлүшкөн [1].

Албетте, ИДӨдөн билим берүүгө канча пайыз бөлүнгөнү маанилүү ролду ойнойт, ошондой болсо да миллиарддан бир пайызы башка санды, ал эми миллиондун бир пайызы өзүнчө башка көрсөткүчтү түшүндүрөт. Андыктан, мындай ыкма менен кайсыл бир өлкөнүн билим берүүгө канча каражат бөлгөнүн аныктоо үчүн кошумча анализ талап кылынат. Билим берүү ар бир өлкөнүн өнүүгүүсүнүн  эң негизги фактору болуп жаткан чакта, Кыргызстан да бул жааттагы дүйнөлүк демилгелерден сыртта калбай, эл аралык донорлордон ар кандай гранттык колдоолорду алып келет.  

 Бир эле Европа Биримдиги кызматташтык долбоорунун алкагында (Development Cooperation Instrument) өнүктүрүү максатында 2013-2018-жылдар аралыгында Кыргызстанга 17 млн.евро бөлүнгөн[2]. Кыргызстандын билим берүү тармагын 2012-2020-жылдар аралыгында стратегиялык өнүктүрүүнүн учурдагы концепциясы  Евопа Биримдигинин колдоосу менен үч этапта 2012-2014, 2015-2018, 2018-2020  жылдарга иштелип чыккан[3].

Ошол эле мезгилде бир жагынан баардык деңгээлдеги мугалимдердин азыркы алган айлыктарынын өлчөмүн, экинчи жагынан реформа жүргүзүү максатындагы мугалимдерге боло турган жаңыча талаптар топтомун эске алганда, реформанын натыйжасында билим берүү тармагы жаңы бир баскычка чыгат, деп ишенимдүү айтуу оор. Билим берүү тармагын рефомалоонун бул стратегиялык планын ишке ашырууга болгону 1.5 жыл калды, тилекке каршы билим берүү тармагында эмдигиче олуттуу, сапаттуу жылыштар болгону байкала элек. Билим берүү тармагын реформалоого мугалим жана илимпоздорду тартуунун деңгээли өтө эле төмөн болуп жаткандыгын өзгөчө белгилеп кетүүгө болот.

Жогорку окуу жайлардын санынын көбөйүшү, билим берүүнүн сапатынын жакшырышын түшүндүрбөйт

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча республикада 57 Жогорку Окуу жайы бар. Алардын 31 мамлекеттик, 19 мамлекеттик эмес, мындан сырткары  чет өлкөлүк жети жогорку окуу жайынын өкүлчүлүктөрү бар (Сүрөттү караңыз №1).

1-сүрөт. КРнын Жогорку окуу жайлары

 

57 Жогорку окуу жайынын географиялык жайгашуусу[4]

 

Экинчи сүрөттөн көрүнүп тургандай, Кыргызстандын облустарынан бир гана Таласта Жогорку окуу жайы жок. Калган облустардын баарында Жогорку окуу жайлары бар. Алардын ичинен Жогорку окуу жайлар Бишкекте аябай көп жайгашып, мындай көрүнүш борбор калаанын жаштардын эң көп жайгашкан жерине айлануусуна өбөлгө болгон. Ошону менен бирге эле Кыргызстандагы билим берүү ар түрдүү кирешедеги атуулдарга ылайыкталып ачылып,  эң арзанынан  тартып эң кымбат окуу жайларына чейин табууга болот. 2016-жылы Жогорку окуу жайга төлөнүүчү акчанын эң төмөнкү суммасы 26,300 сом экени аныкталган. Келишимдик негизде окуунун жогорку баасын окуу жайы өзү аныктайт. Эң кымбат окуу жайы катары даарыгерлик кесип аныкталып, анын бир жылдык төлөмү 39,500 сом экендиги аныкталган. Ал эми айрым маданий же искуство тармагындагы окуу жайларга 26.300 сомдон аз акча төлөсө деле кабыл ала берген учурлар кездешет.

Ошону менен бирге, чет өлкөлүк окуу жайлардын өкүлчүлүктөрүндө жана жеке окуу жайларда мамлекеттик окуу жайларга салыштырганда окуп билим алуу үчүн баардык шарттар мыкты деңгээлде түзүлгөдүгүн байкоого болот. Тагыраак айтканда, инфраструктура: окуу корпустарындагы шарттар мыкты, жатаканалары бар, мындан сырткары окуу үчүн зарыл болгон видео-аудио жабдуулары, китепкана жана электрондук китепканалар менен камсыз болгон. Мындан сырткары профессордук курамы жетишээрлик түзүлүп, окуу жайдын рейтинги бийик болуп, бүтүрүүчүлөр окуу жайын аякташканда эки дипломго ээ болушуп,  чет тилдеринде сүйлөп калышат.

Көпчүлүк эксперттер Кыргызстан сыяктуу чакан өлкө үчүн мынчалык сандагы жогорку окуу жайлары өтө эле көптүк кылаарын айтышып, аны кыскартууну сунуш кылып келишет. Окуу жайлардын санын кыскартуу кайсыл бийлик болбосун жакшы кадам болбойт, ал тургай эгерде өкмөт  мындай кадамга бара турган болсо, бийлигинен кол жууп калышы да толук ыктымал дешет, серепчилер. Ошондой болсо да, учурда өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын санын кыскартып, алардын  баарын 3-5 мамлекеттик деңгээлдеги жогорку окуу жайына бириктирип, каржылоону мамлекеттик бюджетке өткөрүү зарылдыгы бар. Эң жогорку мамлекеттик деген макамдагы окуу жайга талантуулардын талантуусу, мыктылардын мыктысынын тапшыруусун ар тараптуу камсыздап, алардын толук кандуу билим алуусуна баардык шарттарды түзүп, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна колдоо көрсөтүүгө жетишүү учурдун талабы. Мындай жогорку окуу жайларына заманбап окутуу ыкмаларын киргизип, студенттердин алгач бакалавр, андан соң магистр келечекте доктор болуусуна чейин мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл. Ал эми калган жогорку окуу жайларын өзүн-өзү камсыздоого өткөрүп койсо жетиштүү болмок. Мындай кадам билим берүү тармагындагы атаандаштыкты күчөтүп, окуу жайлардын аргасыздан өз потенциалдарын жакшыртуусуна түрткү болмок. Эң башкысы мамлекеттик жогорку окуу жайлар  бир эле мезгилде мамлекеттик кадрларды кайрадан даярдап, кесиптик деңгээлин көтөрүп, алардын адистиктерин жогорулатууга милдеткер болушмак. Учурда жогорку окуу жайларын бириктирүү менен катар аларды академия, университет, институт катары так бөлүштүрүп, аталышына жана макамына жараша профессордук-мугалимдик курамды тактап, ар бир мугалимди анын эмгегине илимий даражасына жараша баалоого жетишүү зарыл.   

Айрыкча соңку жылдары жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин билимди аспирантура, докторантурада өркүндөтүп, кандидаттык жана доктордук дицертацияларды жактоонун талаптары  мурдагыга каранда да оорлотулду. Ошол эле мезгилде мындай талаптардын күчөтүлүшү дицертациялык эмгектердин сапатынын жакшырышына өбөлгө болгон жок. Албетте билим берүү тармагындагы абал боюнча чыныгы маалыматты билүү үчүн бала бакчалардан баштап дыкаттык менен иликтөө жүргүзүү зарыл. Сапаттуу иликтөө, стратегиялык анализдин жоктугунан биздин билим берүү жана илим дайыма ойду келди өзгөрүүлөргө дуушар болуп, анын терс таасири баардык тармактарга тийүүдө. Билим берүү тармагынын баардык баскычтарындагы мугалимдер менен билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча жасалган жетекчиликтин аракетинин ортосунда таптакыр байланыш жок.

Мамлекет тарабынан илимий иликтөөлөрдү каржылоо  

Жогору окуу жайлар жаштарга билим берүү менен катар эле, мамлекеттин кызыкчылыгы, келечеги үчүн илимий иликтөө иштерин жүргүзүүгө милдеттүү. Андыктан жогорку окуу жайлары жана илимий борборлор мамлекеттик органдарда эмгектенген кызматкерлердин билимин улам жогорулатып, кайра даярдап, аларга турмушка зарыл болгон билимди берип турууда олуттуу ролду ойношу зарыл. Мындай тажрыйба бардык өлкөлөрдө бар жана ийгиликтүү иштеп келүүдө. Илимий чөйрөнүн өкүлдөрү мамлекеттик мекемелер менен тыкыс иштешип, аларга зарыл болгон  иликтөөлөрдү жүргүзүп, өкмөткө сратегиялык чечимдерди кабыл алып , план программаларды даярдап берүүсүнө көмөктөшөт. Эгерде Кыргызстанда да ушундай тажрыйбаны жайылта турган болсо, мындай аракеттер мамлекеттик органдардын кабыл алган чечимдерин жакшыртып, экинчиден өлкөдө илим билимдин да өнүгүшүнө өбөлгө түзмөк. Натыйжада, мамлекеттин өзү өлкөнү өнүктүрүүгө зарыл болгон илимий долбоорлордун, демилгелердин ээси болуп, бийлик менен илиймий чөйрөнүн карым-катнашын чы­ңдамак. Ал үчүн учурдагы мамлекет тарабынан каржыланган бардык илимий борборлорду жана институттарды толук түрдө кайрадан реформалап, алардын санын, сапатын, ишмердүүлүгүн кайрадан карап чыгуу зарыл.

Мугалимдин жана илимий кызматкердин социалдык имиджин көтөрүү

Бир жагынан «жапайы капитализм» билимсиздердин коомдо пайдалуу жана кирешелүү оорундарды ээлөөсүнө мүмкүнчүлүк берди. Экинчи жагынан мындай көрүнүш жогорку билимдин жана жалпы эле коомдогу жогорку билимдүү адистерди даярдоонун кадыр баркын кетирүүдө.

Эң өкүнүчтүүсү мугалимдердин социалдык абалынын төмөндүгү бул тармакка мыкты бүтүрүүчүлөрдүн келүүсүнө өбөлгө түзбөйт. Эгерде кокусунан билим берүү тармагына жогорку окуу жайынын мыкты бүтүрүүчүсү келип кала турган болсо, ал деле маянанын аздыгынан же социалдык абалдын төмөндүгүнөн бир аз убакыттан со­ң бул тармакты таштап кетүүгө аргасыз болоору турган иш. Кыргызстандагы ипотекалык кредит берүү учурунда мулимдердин кирешесинин өтө эле төмөндүгү, алардын өздөрүнүн турак жайы үчүн акча төлөөгө мүмкүнчүлүктөрү жок экендигин даагы бир жолу ашкереледи.

Билимдүү жаш мугалимдердин айрымдары эл аралык фонддор тарабынан берилген стипендия жана башка кирешелер менен гана бул тармакта кармалып турушса, мугалимдердин калган бир бөлүгү аргасыздан ар кандай кыска мөөнөттөгү чет тилдерин, чечендик өнөрдү үйрөтүү жана мектеп окуучуларын жогорку окуу жайларга тапшырууга даярдоо сыяктуу ар кандай курсттарды ачып алышып үй-бүлөөсүн багышууда. Андыктан мугалимдердин арасында «бир ставкада иштесең курсагы­ң тойбой калат, көп ставкада иштесең тамак ичкенге убакты­ң жок калат», деген накыл сөздүн тууралыгын жашоо нугу өзү тастыктап жатат. Бир жагынан караганда, өлкөдөгү мугалимдердин жогорудагыдай социалдык көйгөйлөрү баарына маалымдай сезилет, бирок мамлекеттеги «ким канча уурдап алган», деген ири коррупциялык иштердин алдында мугалимдердин жогорудагыдай көйгөйлөрү көз жаздымда калып, көп жылдан бери чечилбей келет.

Ошондой болсо да, республикада коррупциялашпаган, таза, өз ишине берилген мугалимдер жок эмес. Андыктан, коррупцияга каршы күрөш айыптууларды таап жазалоо менен жүрсө,  ошону менен катар үлгүлүү, эл үчүн иштеген адистерди мамлекеттик деңгээлде колдоо иш чаралары болушу керек, деп ойлойбуз. Жок дегенде мыкты мугалимдер кимдер экендигин окуучулар же студенттердин арасында сурамжылоо жасай коюп эле аныктап, аларга ар кандай социалдык колдоолорду көрсөтүү учурдун талабы. Анткени, ар бир мугалим өзүнүн билим деңгээлине жана эмгегине жараша жетишээрлик деңгээлдеги жашоо шартка  ээ болсо, өсүп келе жаткан жаштарга үлгү боло алышмак.   Мугалимдик кесиптин жаштардын арасындагы кадыр-баркы өсмөк.

Андыктан билим берүү жана илим тармагын толук реформалоо Кыргыз Республикасынын ички саясатынын эң маанилүү бөлүгү болушу учурдун башкы талабы. Келечекте биздин балдарыбызды кимдер окутат, кимдер даарылайт, кимдер өлкө коопсуздугун камсыз кылат, деген сыяктуу суроолорду ар бир жаран өзүнө өзү бере турган болсо,  анда билим берүү тармагын реформалоо маселеси эч кимди кайдыгер калтырмак эмес.  

Макала автору: Акматалиева А.М., к.п.н. (Кыргызстан, Бишкек)

[1] https://data.worldbank.org/indicator/SE.XPD.TOTL.GD.ZS

[2] Education development strategy 2020 https://ec.europa.eu/europeaid/projects/support-reform-education-sector-kyrgyz-republic_en (Дата обращения: 29.05.2018)

[3] Стратегия образования КР 2012-2020 http://erasmusplus.kg/wp-content/uploads/2014/12/%D0%A1%D1%82%D1%80%D0%B0%D1%82%D0%B5%D0%B3%D0%B8%D1%8F-%D1%80%D0%B0%D0%B7%D0%B2%D0%B8%D1%82%D0%B8%D1%8F-%D0%BE%D0%B1%D1%80%D0%B0%D0%B7%D0%BE%D0%B2%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D1%8F_2012_2020.pdf

[4] Университет Центральной Азии в Нарыне не числится  в списке вузов на сайте Министерства Образования

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: